Коом
Жакында Бишкектин түштүк тарабына аквапарк салынат(фото)

Быйыл жайында Бишкектин түштүк тарабында ичинде аквапарк болгон парк ачылат.
Жаңы парк былтыр күзүндө ачылган “Ынтымак” паркынын жанында болуп, аэропорттун көлмөсү жакта жайгашат. Негизинен ал жакка веложол, чуркагандарга атайын аянтча жана башка спорт шаймандары коюлат. Парктын жалпы аянты 8,4 гектарды түзөт.


Учурда “Бишкекасфальтсервис” менен “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканалары пландоо иштерин жүргүзүүдө.
Abal.kg