Режиссер Ырыс Жоомартова жесир аялды кантип ызалантты?

Кечээ режиссер, актриса Ырыс Жоомартова Кыргызстандагы белгилүү бир ММКга маек берип, айдап жүргөн унаасынын кымбаттыгын, жолдошунун белекке берген бриллиант, алтын, шубаларын айтып, коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан.
Ырыс айымдын бул маегине жооп катары Фейсбуктун колдонуучусу Махабат Темиржанова ага таарынычын кеп кылып, жазып чыкты.
Махабат Темиржанова: “Кымбат машинаны айтып, мактанып, бир жесир аялды жетим балдары менен катуу көңүлүн ооруттуңар го. Менде сиз айткандай машина да, ремонтту жок уйда жок. Бир жесир аялмын. Ушунчалык бай, кыйын экенсиз мага жардам бериңизчи. Сөзсүз эле Президент жб. көрө сизде ашыкча байлык бар экен. Алла үчүн бооруңуз ооруп. Сооп иштерди деле кылам деп доказать кылып. Менин уулум 9 жашар, Президентке жазган катты. Ошондо жетим калган баланын каты:
“Биздин айыл райондор бир аз алысыраак жерде жайгашкан. Менин атам каза болуп, калган. Мен 4-класста райондондогу орто мектептердин биринде, карындашым экөөбүз окуйбуз. Бизге күнүгө 100сом жол акы кетет. Апам атам каза болгондон кийин катуу ойлонуп, бир аз оорукчан болуп калды окшойт, апамын башы катуу ооруп жатып, калганда 3 жарым жашар карындашым карап, турат биз мектептен келгиче. Жол узактыгынан карындашым экөөбүзгө бут кийим туруштук бербей бат эле жыртылып, калат. Апам байкуш өзү эптеп тигип, берет. Бут кийим тиккен уста берген акчаны жол акы кылып, мектепке баргыла деп. Апам бизге жол акы таап, бере албай көп, ыйлап, намаз окуп Алладан сурайт. Биз үчөөбүз дайыма уктарда Астагфуруллох аль-азьийм ува атуби илаах деген истигфар дубасын апам болуп чогуу 1000 жолу айтабыз. Кечээ апа эмне үчүн күнүгө 1000жолу ушул истигфарды айта беребиз десем байкуш апам балдарым биздин айылда жок дегенде ушундай контейнер мектеп болсо, силер жол акы кылган 100 сомго башка керек жарагыбызды алат элек деди эле. Мен абдан ошондо ыйлап, ыйлап 10000 жолу истигфарды айта турган болдум. Себеби биздин айылда мага окшогон жетим балдар толтура. Мен чоң жигит болсом сөзсүз айылга мектеп курамын деп тилек кылдым. Бир убакта Президенттибиз да мендей кичинекей бала болгон го туурабы»,- деп жазды.
Махабат Темиржанованын жазган бул пикири коомчулукта да талкууга алынууда. Фейсбук колдонуучулары Махабат айымдын айткан сөзүн туура деп пикир калтырышууда.
Abal.kg