Коронавирус. Бишкекте театрлар убактылуу жабылууда

Бүгүн Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулгандыгы тууралуу маалымат беришти.
Театрда спектакль коюуну чектөө өкмөттүн коронавирусту алдын алуу иш-чараларынын алкагында киргизилген.
«Коронавирустун Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында билим берүү жана маданий мекемелерде иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө буйрук чыккан»,- деп айтылууда.
Ал эми бул театрда спектаклдер 31-мартка чейин коюлбайт. Билет сатып алгандар кайра кассага тапшырып же кийинки айларга алмаштырса болот.
Эскерте кетсек, коронавирус Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталып, 80 миң адамга жукту, 3 миңдей адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты.
Abal.kg