Маданият
Москвада Рыспай Абдыкадыровдун ырын метродо орус жигит аткарууда (видео)

Фейсбук колдонуучусу Ынтымак Сайдимарович Султанмуратов Москва шаарындагы метродо кыргыз ырынын музыкасын ойноп отурган орус улутундагы жигиттин видеосун жүктөдү.
Ал: “Обончу ырчы жана педагог, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Рысбай Абдыкадыровдун музыкасын Москвада подземный переходто бир орустун музыканты ойноп жатыптыр, таң калуу менен видеого тушуруп алдым”,- деп жазды.
Бул видеодо орус улутундагы жигиттин Р.Абдыкадыровдун “Жолугарым билгенмин” аттуу ырынын музыкасын созуп, ойноп отурганын, ары-бери өткөн кыргыздар ага акча таштап жатканын көрүүгө болот.
Abal.kg



