Коронавирус. Тажикстан эли дүрбөлөңгө түшүп атышат

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустан улам Тажикстан базарларында эки күндөн бери базарларда болуп көрбөгөндөй дүрбөлөң өкүм сүрүүдө. Эң керектүү азык-түлүктөргө суроо-талап жогорулагандыктан, баа дээрлик эки эсеге кымбаттады.
Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тажикстанда коронавирус инфекциясы катталбаганын билдирүүдө. Бирок, ага ишенбеген карапайым эл болбой эле базарлардан азык-түлүктөрдү ашыкча сатып алып жатат.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жеткендей азык-түлүк запасы бар экенин маалымдаган.
Бирок соода түйүндөрүндө ун жана башка азык-түлүктөргө кезекке тургандар урушуп, түртүшүп, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөтүштү.
Ошондон улам Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасады. Өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө да тыюу салынды.
Мечиттерде намаз окууга тыюу салынып, Нооруз майрамы майрамдалбай турганын укканда эле элде көйгөй башталган.
Abal.kg