Коом

Турсунбай Бакир уулу “Баатыр ата” болду. Канча никеден, канча баласы бар?

Коомдук ишмер, саясатчы, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу “Фейсбук” баракчасынын активдүү колдонуучусу. Ал кечээ  6-ирет кыздуу болгонун айтып, коомчулукка сүйүнчүлөдү.

“Эки жыл мурда жазылган ушул постумду жаңылаганга мажубурмун, себеп – бүгүн, бир саат мурда дагы бир кыздуу болдум. Ошентип, Кудайга шүгүр, алтынчы кызым төрөлдү. Эми толук комплект болду: 6 уул жана 6 кыз! Аскерде кызмат өтөп жатканымда 13 балалуу болууну Аллахымдан сураган элем. Эгер Аллахым насип этпесе жетимдер үйүнөн балдарды багып алайын деп кыялданган элем. Аллахыма чексиз мактоолор болсун: сураганымды берип жатат!”- деп жазды ал.

Турсунбай мырзанын бул сүйүнүчүн куттуктагандардын саны арбын болуп, кыргыздын санын көбөйтүп, алты кыз, алты уулду тарбиялап жатканына баа беришти.

Ал  эми Турсунбай мырза «Баатыр эне» сыяктуу эле «Баатыр ата» болгонуна, канча никеден, канча балалуу болгону элди кызыктырууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button