Маданият
Кыргыз ырчы кыздын түрк жигит менен өбүшкөн сүрөтү ызы-чуу жаратууда(фото)

Кыргыз эстрада ырчысы, Саниа деген ысым менен таанымал болгон айым, башка ырчылар сыяктуу эле жеке жашоосун Инстаграм баракчасына жазып турат.
Ал жакында эле жолдошу менен ажырашканын жазып чыккан болчу. Бирок бүгүн ырчы айым жеке баракчасына түрк улутундагы мырза менен түшкөн сүрөтүн жүктөп: “Мени сүйгөн инсан ар дайым жүрөгүмдө жашасын. Мен сага турмушка чыгууга даярмын”,- деп жазган.

Санианын катталуучулары анын “чыгармачылыгымды Түркиядан улантам” дегенин бул түрк улутундагы мырза менен байланыштуу экенин айтышууда. Ал эми ырчы айым бул сүрөткө жазылган пикирлерге унчукпай кутулууда. Анткени менен кыргыз ырчы кызынын турк улутундагы жигит менен өбүшүп тушкөн сүрөтү коомчулукта жагымсыз пикирлерди жаратууда.
Abal.kg