Коом

Түштүк Кореядан Кыргызстандын 21 жараны келди

Түштүк Кореядан келген кыргызстандын 21 жараны карантинге киргизилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымат боюнча 5-мартта саат 15:50дө Сеул – Алматы каттамы менен 197 киши келген. Алардын 21и Кыргызстандын жараны.

“Аларды Алматы шаарынан алып келинип, карантинге киргизилди. Алардын бардыгы тийиштүү процедурадан өтүп жатат. Абалдары канааттандырарлык”, — деп министрликтин маалыматында жазылган.

Акыркы кабарлар боюнча Түштүк Кореяда 6,3 миң кишиге коронавирус жукканы аныкталып, 42 киши каза болгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button