Маданият
Тамашалайм деп таландыга калган Ырыс Жоомартова кантип актанды(видео)

Режиссер, актриса Ырыс Жоомартова кечээ жакында белгилүү бир ММК булагына маек берип, унаасынын баасын, күйөөсү белек кылган шуба, алтын, бриллианттарды айтып коомчулуктун талкуусунда калган эле.
Тамашалайм деп элдин таландысына калып, ыза болгон Ырыс Жоомартова кайра ошол эле ММКга барып, актанып, белгилүү куудул айым Айнура Турганбаева (Сакиш) менен видеого түштү. Анда Ырыс Жоомартова мактанган машинасынын кнопкасы тууралуу кеп болду.
Ырыс айым канчалык сабырдуу болоюн десе дагы жүзүнөн ызаланып калганы көрүнүп турат.
«Ойноп сүлөсөң дагы, ойлоп сүйлө» деген кыргыздын макалы бар эмеспи. Анын сыңарындай…
Abal.kg