Саясат
Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүн куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык аялдар күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө барды.
Мамлекет башчысы жазуучунун жубайы — Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден-соолук жана бакубат жашоо каалады.
Мамлекет башчысы Айтматовдун жакындары менен баарлашып, жазуучунун уулу Эльдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу айтып берди.
Abal.kg



