“Феминалле” уюму уюштурган митинг таратылды. Себеби…
Бүгүн, 8-мартта Бишкекте феминисттердин пландалган маршы өтпөй калды. Себеби аларды милиция кармап кетишти. Бул митинг башталып, бирок феминисттердин маршы уруксатсыз өткөндүгүнө байланыштуу милиция аларды таратууга киришти. Бул туурасында Бишкепк шаардык Свердлов райондук милициясынан маалымат беришти.
Бул акция саат 12:00гө пландалып, уюштуруучулар «Жеңиш» аянтына келип, даярдыгын баштаган. Бир аздан соң ал жерде пайда болгон 30га чукул адамдар маршты таратканга аракеттенген. Ызы-чуудан кийин милиция келип, марштын катышуучуларын күч менен ошол жерге келген автобустарга салган.
Маалыматтарга караганда, митинг «Феминалле» жана «8/365» деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан уюштурулган.
Милициядан акция Свердлов району жана Бишкек мэриясы менен «тиешелүү түрдө» макулдашылган эмес дешти. Андан сырткары, уюштуруучулар тартип коргоо органдарынынын тартипти сакташы үчүн кабарлаган жок деп кошумчалашты. Мындан улам чагымчылдык жана коомдук тартипти бузуу учурлары болуп кеткени айтылды.

Свердлов районунун жергиликтүү жашоочулары тарабынан санкция алынбаган, «Жеңиш» аянтында өткөн митингге нааразылыктар айтылды. Бул жер Улуу Ата Мекендик согушта, фашизмге каршы туруп курман болгондорду эскерген, жарандар урмат менен мамиле кылган жай экенин айтышты милиция кызматкерлери.

Эскерте кетсек, «Феминалле» коомдук кыймылы өткөн жылы да Бишкектеги ИЗО музейинде ушул сыяктуу көрсөтүү уюштуруп, коомчулуктун талкуусунда калган эле. Ал көрсөтүүдө жылаңач аял чыгып, аялдардын укугун коргоо боюнча плакаттарды илишкен эле.
Abal.kg



