Коом

Алыс жолго чыккандар абайлагыла

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертет.

Маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунундагы Төө-Ашуу ашууда, Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал.

Андан сырткары Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button