Кемпирди балталап, мууздап өлтүргөн шектүүлөр кармалышты (фото)
Чүй облусунда 72 жаштагы улгайган аялдын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 4-март күнү саат 13:30 чамаларында Ысык-Ата районуна караштуу Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар милиция нөөмөтүнө келип түшкөн. Ысык-Ата РИИБнин жетекчилиги жана тергөө тобу окуя болгон жерге барганда, Дмитриевка айлынын үйлөрүнүн биринде 72 жаштагы С.Г. аттуу жарандын жансыз денеси киши колдуу болуп өлгөндүгү табылган.
Аталган факт Ысык-Ата РИИБдүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейин өндүрүш иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан сотко чейин өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда аталган кылмышка шектүү деп 37 жаштагы У.В. жана 34 жаштагы Г.Л. жарандар кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Бул экөө 2-мартта маркумдун үйүнө барып, андан аракка акча сурашкан. Кемпир бербей койгондо, экөө аны алгач муунтуп, ошол эле убакта башына балта менен урушкан. Аягында мууздап өлтүрүшкөн.

Азыркы учурда эки шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.
Abal.kg



