Дүйнө

Коронавирус. XX кылымда эле билинип, аны “биологиялык курал” деп аташыптыр (фото)

Жүздөн ашык өлкөгө жайылып, 100 миңден ашык кишиге жугуп, үч жарым миңден арбын адам набыт болгон, Кытайдан чыккан корноавирусту, ХХ кылымдын этегинде  “биологиялык курал” деп аташкан экен.

1981-жылы жарыкка чыккан китепте минтип жазылып турат: «Алар бул нерсени (вирусту)  «Вухань-400» деп аташат. Анткени ал Ухандын тегерек-четиндеги лабораторияда жасалган. Бул алардын адамдын колу менен жасалган жашоого жөндөмдүү микроорганизмдин төрт жүзүнчү штаммы болчу”, деп айтылат, китептен алынган бул үзүндүдө. (“Они называют эту штуку «Вухань-400», потому что она была создана в их лаборатории в окрестностях Уханя, и это был их четырехсотый жизнеспособный штамм созданного человеком микроорганизма», — говорится в отрывке из книги).

Журналист Амир Царфати өзүнүн твиттеринде Дина Кунцтын “Караңгынын көзү” («Глаза тьмы») деген китебиндеги бир бетинин сүрөтүн жарыялады. Ал бетте Кытай окумуштуулары тарабынан жасалган “өтө мааилүү жана коркунучтуу” биологиялык курал «Ухань-400» деп айтылган. SARS-CoV-2 вирусунун (коронавирус) эпицентри бүгүн дал ушул китепте келтирилген кытайдын Ухань шаары болуп жатпайбы. Китеп 1981-жылы жарык көргөн.

Бирок, бул тек гана кокусунан төп келүү. Царфатинин постуна комментарий бергендердин бирөө Кунцтун китебинин андан да мурда чыккан версиясынан үзүндү келтирген. Ал жерде  «Ухань-400» эмес «Горки-400» деп аталып, чыккан жери СССР болгон деп жазылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button