Карапайым жарандардын жашоосун жакшыртууга грант берилүүдө. Кызыккандар катышса болот

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу өлкөдө алгачкы жолу үй чарбаларынын санитардык шарттарын жакшыртууга багытталган шыктандыруучу грант берилгени тууралуу маалымат таратышты.
Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылынын тургуну Улугбек Кайнаров үйүнүн санитардык-гигиеналык абалын жакшыртууга багытталган шыктандыруучу грантка ээ болду. Ал, алган каражатын бардык талаптарга жооп бере турган ички ажаткана жана септикти салууга жумшаганын айтат:
“Мурда сырттагы эски ажаткананы колдончу элек. Долбоордун өкүлдөрү келип, шартка жооп бербеген ажатканалар адам өмүрүнө кооптуу болоорун, саркынды суулар туура чыгарылбаса, айлана-чөйрөгө зыян экенин, ошондой эле ар кандай жугуштуу оорулар чыгышы мүмкүн экенин түшүндүрүп, грант алууга үндөштү. Мына эми, бардык талаптарга жооп берген ажаткана, септик салып алдык”,- дейт.

Эгерде буга чейин гранттар социалдык мекемелердин санитариялык абалын жакшыртуу үчүн берилип келсе, жеке жарандарга субсидия берүүнүн пилоттук этабын Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору ишке ашыра баштады. Мындай саамалык Борбор Азияда жаңы багыт болуп саналат.

Долбоордун алкагында суу киргизүү иштери жүрүп жаткан айылдардын жашоочулары 100дөн 300 АКШ долларына чейинки өлчөмдөгү грантка ээ боло алат. Ал үчүн, үй ээсинин сөзсүз турдө паспорту болушу зарыл жана ал долбоорго катышып жаткан айылдын тургуну, санитардык шарты жакшыртыла турган үйдүн ээси болушу керек. Ошондой эле, үй ээсинин жаңы санитардык обьектини курууга өздүк каражатын сарптоого жана аны бардык талаптарга жооп бере тургандай кылып курууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл.
Ушул тапта аталган айыл өкмөтүнүн Ак-Булак жана Көтөрмө айылдарынын 72 жашоочусу шыктандыруучу грант алууга кызыкдарлыгын билдирди.
Abal.kg



