Дүйнө

Коронавирус. Июнь-июль айларына чейин жайылышы мүмкүн

Учурда дүйнөнү каптап жаткан коронавирус тумоосу улам кучак жайып, жер планетасынын бардыгын каптайт деген коркунуч бар. Бул туурасында атайын эксперт-адистер айтып чыгышты. Коронавирус июнга чейин дүйнөдө жайыла бериши мүмкүн экенин  “РИА Новости” жазып чыкты.

“Коронавирус эпидемиясы жок эле дегенде июнга чейин улана берет. Коронавируска каршы күрөштүн негизги күчү экспорттон, импортко өтүшү мүмкүн” – деп билдирди атайын адистер.

Башкача айтканда, Кытайда оорулуулар азайып, сырттан оору жугузуп келгендерди дарылоо негизги орунга чыгышы мүмкүн.

Эскерте кетсек азыркы тапта коронавирус 110 034 адамга жугуп, анын айынан 3825 адам каза тапты. Дүйнөдө 100дөн ашуун мамлекетке тамырын жайды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button