Дүйнө

Коронавирус. Москвада оору жуктургандардын саны 20га жетти

9-март күнү РИА Новости билдиргендей Москвада дагы үч кишиден коронавирус Covid-19 табылды. Кечээ бул тумоону жуктуруп алгандардын саны 17 киши болчу.

Эпидемиологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй, тумоологон бейтаптардын баары акыркы эки жуманын ичинде Италияга барып келишкен. Тумоологондор ооруканага, атайын инфекция бокстарына жаткырылды.  Алар менен тыгыз байланышта болгондор да аныкталып, текшерилүүдө. Бул тумоо менен ооруп, катталгандардын саны Россияда 20га жетти (эки жаран Кытайлык, 17си Италиядан кесел жугузуп келишкен россиялыктар жана бирөө италиялык).

Акыркы маалыматтарга таянсак, азыркы тапта дүнө жүзү  боюнча 109 835  адам илдетти жуктурган. 3 803  адам көз жумган. 60 695 – айыккан. Андан тышкары  бул вирус 100дөн ашык мамлекетке тамырын жайды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button