Окуялар
Жасалма 15 миң долларды сатууга аракет жасаган киши колго түштү
Жасалма акчаларды сатып жүргөн киши кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 6-мартта УКМК ыкчам-иликтөө учурунда Бишкекте жасалма 15 миң долларды сатууга аракет кылган 1955-жылкы киши кармалды.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды
Кармалган киши УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Abal.kg



