Спорт

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Кыргызстандын рекордун койду

Бакдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Кыргызстандын рекордун койду.  3-5-мартта Бишкекте чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты өтүп, 10 комплект модель ойнотулган.

Расулбеков 96 кг. салмакка чейинки категорияда күч сынашып, алтын медаль утуп, өлкө чемпиону атыкты.

Ал жулкуп көтөрүүдө 150 кг, түртүп көтөрүүдө 210 кг. көтөрүп, жыйынтыгында 360 кг. менен барынан алдыга кеткен. 210 кг. түртүп көтөрүү Кыргызстандын рекорду болуп саналат. Буга чейинки рекорд дагы Расулбековго таандык болуп, 207 кг. көтөргөн. Спортчу Расулбеков учурда 23 жашта.


Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button