Экс-президент Роза Отунбаева: «Обончулар болгон, боло берет»
Бүгүн 10-мартта саат 12.:00дө Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын айкелинин жанында өткөрүлө турган митинги Кыргызстандын гимни менен башталды.
Митингдин уюштуруучуларынын бири катышуучулар таштанды таштап, жердеги шибер, гүлдөрдү тебелебегенге элди чакырып, тынчтык жолу менен өтүүдө.
Бул иш чарага катышкандар аялдардын укугу тууралуу маанилүү сөздөрдү айтышты. Ошол учурда ак элечек кийинген айымдар келип, ал жактагы жаштарга акыл –насаат айтып, өткөн митингде жазылган жагымсыз сөздөр тууралуу түшүндүрүштү.
Ал эми бул тынчтык митингин көзөмөлгө алган Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин жетекчиси Айбек Казакеев милия кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп, иш чара тынч өтөөрүн жана мыйзам бузулбаса эч кимди кубалабай турганын билдирди.
Бул иш чарага экс-президент Роза Отунбаева да катышты.
Ал өткөн 8-мартта болгон митингдин катышуучулары кармалып, таратылганын дүйнө элине тарап, абийирибиз төгүлдү дейт, журналисттерге берген маегинде.
“Биз он жылдап Кыргызстандын демократиялык имиджин чогултабыз деп канча жолу митингге чыкканбыз, канча ОБОНчуларга каршы турганбыз. Бир күндө эле биз тууралуу дүйнөгө маалыматтар тарап кетти. Бүгүн бул жерге көп эл келиши керек эле. Мындан коркпош керек, ОБОНчулар дайыма болгон, болуп келген, боло берет. Биз баарыбир алар менен бирдей эле көз караштабыз, аялдарга каршы зомбулук деген бизди кекиртектен кармап турат. Кыргызстан көп өлкөлөрдүн сап башында турат, аялдарга, балдарга карата зомбулук тууралуу. Биз эмнеге намыстанбайбыз”,- деди Роза Исаковна.

Бүгүнкү аялдардын укугун коргоо митинги тынч өтүп жатат.
Эскерте кетсек, 8-март күнү уюштурулган митингде уруксат берилбеген жерге уюштурулган иш чарага байланыштуу милиция кызматкерлери митингди үзгүлтүккө учуратууга аргасыз болушкан.
Abal.kg



