Дүйнө

Италиянын 60 миллион кишисине карантин жарыяланды

Euronewis TVсы көрсөтүп, тынбай маалдымдап жана дүйнөлүк ММКда белгиленип жаткандай премьер-министр Джузеппе Конти, бүгүндөн тартып, коронавирустун жайылышын токтотуу максатында, бүтүндөй Италиянын территориясында карантин жарыялады.

Бул коронавирус чыккандан берки, бир мамлекетти толук кучагына алган  биринчи жолку ушундай карантин болуп саналат. “Мен үйүмдөн чыкпайм” деп айтты, Конти, карантиндин ар бир жаран үчүн максаты кандай болоорун түшүндүрүп. Бул девиз бүгүнкү күндөн баштап ар бир италиялык үчүн карантин учурундагы эң башкы эреже болуп калмакчы. Андыктан Италиянын ичинде катташуу, бир жерден экинчи жерге баруу толук бойдон токтотула турган болду. Өтө олуттуу себеп болгон учурда гана (кызмат абалына, оорусуна байланышкан) үйдөн чыгууга болот.

Ушундан соң дароо эле чоң-чоң супермаркеттерге узун-узун кезекке тургандар пайда болушту. Коомдук унаага гана чектөө киргизилген жок.

Мектептерге, окуу жайларына 3-апрелге чейин каникул жарыяланды. Театр, музей, оюн – зоок мекемелери толук жабылган.

Мындай карантиндин жарыяланышынын башкы себеби, корнавирус тумоосуна чалдыккан мамлектетрдин арасында эки жумага жетпеген убакыттын ичинде  андан көз жумгандар Италияда 400дөн ашып кеткен, 9000ден ашык жараны ооруп, өлкө бул жугуштуу оорудан зыян болуп калган адамдарынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Кечээки эле бир сутканын ичинде тумоололгондордун саны Италияда 2000ге көбөйгөн.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button