Коңшусунун кызын зордуктоого аракет кылган жаран таш бараңга алынды (фото)

Ысык-Көл облусундагы Кашат айылынын жашоочусу 51 жаштагы жаран коңшусунун 2008-жылы туулган кызын зордуктоого аракет кылганы үчүн кармалды.
Зордукчул жаранды кармаган жергиликтүү жашоочулар дароо чогулуп, аны бакка таңып, ташбараңга ала башташкан учурда айыл аксакалдары келип жаштарды токтотуп, милицияга билдиришкен.

Ысык-Көл облустук милициясы бул окуянын болгонун тастыктап, зордуктоого аракет кылуу боюнча кылмыш иши козголду. 1969-жылы туулган Жекшен аттуу шектүү соттун чечими менен 2 айга Караколдогу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган зөөкүрдүн уулу окуя болгонго чейин эки жума мурда айылдан жылкы уурдап, жергиликтүү базарга алып барып сатып жиберген. Ал дагы Караколдун СИЗОсунда кармалууда.
Учурда өспүрүмдү зордуктоого аракет жасоого шектелген жарандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.
Abal.kg