Мас абалында бомба бар деп коркуткан мамлекеттик кызматкер кармалды (фото)
Мамлекеттик каттоо кызматынын башкы адиси мас абалында “бомба бар” деп коркутканы үчүн кармалды Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 10-мартында УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районундагы райондук электростанцияга бомба коюлган деген маалымат түшкөн.

УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, райондук электростанциянын кызматкерлери эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.
Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир шектүү же жарылуу зат табылган эмес.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектелип 1969-жылы туулган Э.К. аттуу Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу аныкталып кармалды.
Такталган боюнча, аталган Э.К. мас абалында бейбештык түрдө жалган чалуу жасагандыгы жана анын Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экендиги аныкталды.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
УКМК эскертет, жалган маалыматтарды тараткан үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилик каралган.
Abal.kg