Коом

ИИМ ЭСКЕРТЕТ: Кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!

Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешип жатканы тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Мындай жалган маалыматтардын алдын-алуу үчүн ИИМ эскертет: кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button