Дүйнө

Путинге «Мага үйлөнүңүзчү” деп айткан айым Розадан тил укту

Россиянын президентине «мага үйлөнүңүзчү» деп айтканы үчүн “Путиндин колуктусу» деген атка конгон Ивановолук актриса Юлия Шилова, ушул “кылыгы”  үчүн ОРТнын “Давай поженимся” телекөрсөтүүсүнүн тележуучусу Роза Сябитовадан тил укту деп билдирет “Российский диалог” сайты, бүгүн 11-мартта.

Роза Сябтитова  Путинге сезимин билдирген актриса Юлия Шилованын президентке өз колун өзү сунуштап кайрылганын биринчиден “хайп”, экинчиден “оорусунун жаздагы козголушу” (весеннее обострение) деп мүнөздөдү. Селкинин сунушу татыктуу күйөө табуу тилегинин натыйжасы эмес деген кыязын билдирип, жуучу  аял “турмушка чык, бала төрөп бер” дегенди биринчи кезекте эркек айтышы керек”  деп жазды, өзүнүн Instagram баракчасында.

“Путиндин колуктусунун” федералдык телеканалдарга интервьюларды берип атканы жуучу Сябитованын кыжырын аябай келтирип  “Качанга чейин кыздын намысы ушундай одоно жүрүм-турумдун тепсесинде калат” деп күйгүлтүгүн билдирген. Жуучу аялдын пикирин туура көрүп колдогондор менен бир катар эле, ага караманча каршы болуп, “Путиндин колуктусун” жактагандар да чыгып, коомдук пикирлер эки бөлүндү болуп жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button