Коронавирус. Россияда ооругандардын саны 31 кишиге жетти. ВОЗ пандемия жарыялады

Россияда дагы жаңы ооруган 8 киши катталды деп, оперативдүү штаб билдиргенин 11-мартта РИА Новости жазып чыккан. Баары тең Россиянын жарандары. 6 кесел Москвада, калган экөө Москванын областында катталган.
Коронавирус жуктургандардын бири кичинекей бала экен. Азырынча, балада оорунун симптомдору байкала элек. Ал тек гана вирусту алып жүрүүчү катары катталды.
Оооруканага жаткырылгандардын ар бири атайын инфекциялык бокста дарыланууда. Ушул тапта оору жуктургандардын кимдер менен бааралашканы текшерилип, такталып жатат. Кийинки сегиз кеселди кошкондо Россияда коронавириска чалдыккандардын саны 28 киши болду.
Россия коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында Италия, Германия, Испания жана Франция менен авиакаттамдарды чектеди. Мындан тышкары коронавирусту жайылтпаш үчүн Россияда спорттук жана көңүл ачуучу массалык иш-чараларды токтотуу жагы сунушталган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) 11-мартта Коронавирус Covid-19ду расмий түрдө пандемия деп жарыя кылды. Ал эми ВОЗдун жарыясында көрсөтүлгөндөй Россияда бүгүнкү күнгө карата 31 киши коронавирус менен катталган.
Адамзаттын тарыхында буга чейин пандемия катары холера менен чума эсептелген.
Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө Коронавирус Covid-19:
-жуктургандардын саны — 121 миңден ашкан;
-көз жумгандар — 4 262;
-айыгып чыккандар — 64 404;
Abal.kg