Депутат: дары-дармек саткандар коронавирустун шарданы менен байып жатат

Коронавирус илдети ушунчалык тездик менен жайыла баштады. Анын кесепети Кыргызстанга да тийип жатат. Айрыкча, калкты дары-дармек камсыз кылуу жаатында иштеген шылуундар анын пайдасын көрүүдө. Муну дары-дармек наркынын эч негизсиз кескин өсүп жатканынан эле байкасак болот. Ага ким көзөмөл кылышы керек? Азырынча белгисиз! Бул тууралуу депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
«Коронавирустун шарданы менен дары-дармектин баасын күндөн-күнгө өсүп, ортодо баягы эле шылуундар нак пайдасын көрүүдө. Сатылып жаткан дарылардын наркы кандай болушу керек? Алардын сапаты кандай? Элибиздин саламаттыгы үчүн ким жооп берет? Антимонополдук кызмат эмне кылып отурат? Азыр азык-түлүк коопсузудугу жаатындагы абал деле ушундай. Өкмөт бул маселелердин баарын колго алып, тийиштүү чараларды көрүшү керек», — деди депутат.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавируска катталбаганын айтып, элди ишендирип жатат.
Abal.kg