Чыпалак Баатыр: “Колунан эч нерсе келбегендер беттешке чакырып жатат, мен аларга көргөзөм!”
Элди эриктирбей, өзүнүн өзгөчө кыял-жоругу, күчү менен элге таанымал болгон Чыпалак Баатыр аттуу каймана аты бар Зарылбек Аликенов “Фейсбук” баракчасына Нурлан Мотуев менен ортого чоң байгеге чыгаарын жазып чыкты.
“Көңүл бургула срочно мага! Оо досторум канат, фанат, солдаттарым! Түшүнүктүү мени колдогон элдерим. Мен азыр энергия топтоп тоо жакта түрлүү жаңы өнөрлөрүмдү ойлоп таап, чогултуп духтанып жүрдүм эле. Айта кетейин мен силерге чындыкты. Илгери бокс, күрөш, кара күч жагынан машыгып катуу “мастер” болчумун. Ошо күндөрдү эстеп азыр кайра берилип даярданып жатам.
Акыркы күндөрү мага бойго “вызов” таштагандар көбөйүп баштаптыр. Обу жок сасыткылар демекчмин, анан мага чыгасыңбы, анан тиги-бу деп өздөрү биринчи асылып баштайт да колдорунан эч нерсе келишпейт, чычкан ийнине жашынып алышып сүйлөй беришет демекчимин. Ошо боюнча түшүндүрүп кетейин э силерге, мен андайларга анча деле көңүл бура бербейм да. Ойлобогула, мени коркок духу жок деп. Андай деле эмесмин, коркок деле эмесмин, “наоборот” бүт жагынан чыгып жатам да спорт, рекорд, кара күч, бокс жагынан күчтөнүп дегендей.
Эми не демекчимин түшүнүктүү фанат, канат солдаттарым элдерим. Акчасы көп бай спонсорлорум ойлонуп жатып бир чечимге келдим да. Эгер чындап бой көрөм десеңер анда ортого чоң байге чыгаргыла 10 кой, 2 жылкы, 2 саан уй анан 100 миң доллар демекчимин.
Ким утса ушул байгени алат. Эгер бирөөбүз утулуп калсак анда ага деле 20 миң доллар чыгарып бергиле да. Ошондо чыгам да “точно” а мындай жөндөн-жөн эле обу жок чыга бербейм да. Түшүндүңөр да э досторум фанаттарым “давайте анда эмесе ещё увидимся” дегендей”,- деп жазып, спорт менен машыккан сүрөтүн жүктөдү.

Abal.kg