Саясат

Бишкектин көчөлөрүндө күндүз өчүрүлбөгөн жарык ГЭСтердеги суунун азайышына алып келеби?

Азыркы учурда дүйнөгө тездик менен жайылып жаткан коронавирус менен экономикалык кризистен улам бүлүк түшүп турабыз. Менимче, суу каатчылыгы деле андан кем эмес кырсык деген ойдомун. Анткени, биз аз суу айлампасына туштугуп турабыз. Ушул жылы Нарын ГЭС каскадында баштагыдан суу аз топтоло турган болсо, анда калкыбыз кышкысын кыйналып калат. Ошондуктан, биз сууну азыртан үнөмдөөнү үйрөнүшүбүз керек. Мындай пикирин депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Башкасын айтпай эле коелу, Бишкек шаарынын өзүндө күндүз көчөдөгү жарыкты өчүрбөй коюу өнөкөтү баштагыдай эле улантылууда. Ошонун айынан канчалаган чыгымга учурап жатабыз, канча электр кубаты, демек, канча көлөмдөгү суу текке кетип отурат. Ушунун айынан келерки кышта баягыдай веердик өчүрүүлөр башталат, калк арасындагы нааразычылыктар күчөйт. Мен бул тураалуу Улуттук энергохолдингдин башчысына айттым. Көрсө, ордо калаанын электр жарыгы боюнча ишканасы аларга баш ийбейт экен», — деп ал ачууланды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button