Коом
Коронавирустан улам Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында 14 киши жатат

Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасында 14 киши обсервацияда жатканын башкы дарыгер Гүлжигит Алиев айтат.
Ал обсервацияда жаткандардын бардыгы Кыргызстандын жарандары экенин билдирди. Алардын бардыгы коронавирус чыккан мамлекеттерден кайтып келгендер.
Ооруканада алардан башка Германия, Франция жана башка мамлекеттерден келген 12 чет элдик бар. Алардын баардыгынын абалы канааттандырарлык. Коронавирустун белгилери байкалган жок.
Abal.kg



