Сауд Аравиядан 651 кыргызстандык кайтып келди

Коронавирустан улам Сауд Аравияда киргизилген чектөөлөрдөн улам ал жакта калып калган 651 кыргызстандык кайтып келгенин ТИМдин консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров билдирди.
Ал 654 кыргызстандык маалында мекенине кайтып келе албай
калганын айтат.
“651 кишинин маселеси чечилип, алар кайтышты. Үч киши Сауд Аравиянын аймагында
калды. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын жашы өйдөлөп калгандыктан бир аз
кыйналышкан. Экинчи этап менен аларды дагы алып келебиз”, — деди ал.
Шакиров Сауд Аравия коронавирустан улам аба мейкиндигин жапкандыктан ал жакка умрага баргандар чыга албай калганын кошумчалады. Кыргызстанга кайтандар бардык тиешелүү процедуралардан өтүштү.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев “Манас” аэропортуна 290 киши, “Ош” аэропортуна 300дөй киши келген.
Министр кайткан жарандардын бардыгы үйүндө карантиндик режимди сакташат.
Abal.kg



