Дүйнө
Казакстанда эки киши коронавирус жуктурганы аныкталды

Казакстанда эки киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов маалымат берди.
«Биз үч айдан бери бул вируска каршы болгон аракеттерди көрүп келе жатабыз. Бирок бүгүн казакстандык эки жаран жуктуруп алганы аныкталды. Алар Германиядан келишкен экен», — деди министр.
Бул адамдар ооруканага жаткырылды. Абалдары канааттандырарлык, азырынча клиникалык белгилери жок.
Abal.kg