Коронавирус. Казакстанда азык-түлүккө кезекке тургандар көбөйдү

Казакстанда Германиядан келген эки казак жаранынын коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов бүгүн коомчулукка маалымат берген эле.
Ал эми учурда Казакстандын чоң шаарларында абал кандай?
Көпчүлүк казак жарандары шаардагы соода түйүндөрүнө азык-түлүккө кезекке тургандардын саны көп болгону жазылууда. Азырынча азык-түлүктүн баасы кымбаттаганы байкала элек, бирок товарлар акырындык менен кымбатташы күтүлүүдө деген шек бар.
Казакстанда 16-марттан тарта мектеп жана жогорку окуу жайлар 6-апрелге чейин каникулга таратылган. Андан тышкары ал жакта коомдук иш-чаралар өткөрүлбөй турганы белгилүү болуп, театрлар да убактылуу жабылган. Казак өкмөтү да элди эл көп чогулган жерге барууну чектөө киргизди. Азырынча базарлар иштеп жатат.
Эскерте кетсек, мындан эки күн мурун Тажикстандын эли да базарга чогулуп, түртүшүп, азык-түлүктөрдү көп сатып алып жатканы тууралуу маалымат тараган эле.
Abal.kg