Дүйнө

АКШнын жараны коронавирустан сактай турган белбоо (пояс) ойлоп тапты (видео)

Ал вачтардын профилактикалык жактан  баардык сунуштарын эске алуу менен жасаган.

Америкалык Мэтт Бенедетто интернет желесинде өтө мыкты юмору  бар ойлоп тапкыч катары белгилүү. Ал жок маселелерди чече турган  кызыктай бир нерселерди ойлоп таба берет

Бирок бул жолу Бенедетто ал эрежелеринен баш тартып, чыны менен эле пайдалуу бир нерсе ойлоп тапты. Америкалык жаран адамга коронавирусту жуктуруудан сактанууга жардам бере турган атайын белбоо иштеп чыкты.

Бул проектисинде Мэтт тумоону жуктурууну алдын алуучу врачтардын өтө көп таркаган сунуштарын пайдаланууну чечкен. А тагыраак айтканда — мүмкүн болушунча  колду бат-баттан жууп турууга; колуңду бети — башыңа тийгизбөөгө; саламдашканда кол кысышпоого; чүчкүргөндө чыканагыңды, же жүз аарчыңды пайдаланууга туура келет.

https://www.instagram.com/p/B9rGXO7BabL/

Натыйжада ойлоп тапкыч мына ушул жогоруда айтылган проблемалардын баарын чече ала турган  атайын көп функциялуу курду ойлоп  тапкан.

Инстаграмга бул видео ролигин чыгаргандан кийин, андан ушундай кур сатып алуу үчүн кезекке тургандардын саны көбөйгөнү айтылат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button