Сулуулугуна арман кылган Таттыбүбү Турсунбаева

Фейсбуктун колдонуучусу Аттокур Жапанов “Соң-Көл чүрөгү” Таттыбүбу Турсунбаеванын сулуулугун сүрөттөп, улуу актрисанын арманы тууралуу пикирин калтырган.
Ал: “Таттыбүбү эженин кыялкечтигине, кээде кармап калчу сентименталдуулугуна чек жок эле, чиркин. Кээде үйүнө барып калганымда Таттыбүбү эже жаратылыш тартуулаган сулуулугуна нааразы болуп: “Ушул сулуулуктан көрө аялдык бак берсе болмок, сулуулук болбогон нерсе экен. Башкалардай болуп эл көңүлүнө түшпөй жөнөкөй эле жаралсам, балким жашоом элдикиндей болмок беле? Кээде элдин көңүл борборунда болгон учурларда жан дүйнөм кыйналып кетет” деп үшкүрүгү таш жара арманын айтып калчу.
Жаратылыш кубулуштарынын түбү чексиздей, адам баласы көзүккөндөн деле каза таап калган учурларды бул чалкеш дүйнөдө көп эле учуратып жүрбөйбүзбү. Ошондон улам эжебиз ошол жаман сөздөрдүн, жаман көздөрдүн кесепетинен улам көз жумуп кеткенби, же болбосо Таттыбүбү эжеге жараткандын жазган тагдыры ушудур деп ойлоп кетесиң”,- жазды Аттокур Жапанов улуу актриса тууралуу китеп жазган калемгер Ракыя Жусупованын эскерүүсүнөн.

Автордун пикири эч өзгөртүүсүз берилди.
Abal.kg



