Дүйнө

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги  коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканын айтты.

Кечээ күнү төрт киши бул вирусту жуктуруп алган болсо, бүгүн коронавирус жуктурган дагы эки киши кошулду. Ошону менен алты киши бул илдетти алып жүрөт.  Бул туурасында  Казакстандын Саламаттык сактоо министринин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.

Алмата шаарында эки киши коронавирус жуктуруп алган. Алардын бири 1958-жылы туулган,  жеке ишкер. Ал Алмата шаарына Москвадан 10-мартта учуп келген, ал эми экинчи бейтап Нур-Султан шаарында жашаган аял экени белгилүу болду. Ал жакында эле Варшавадан учуп келген.

“Азырынча Казакстанда коронавирус жуктурган алты бейтап катталды. Алардын төртөө Алмата шаарында карантинде жатса, экөө Нур-Султан шаарында”,- дейт Диас Ахметшарип.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button