Окуялар
Бишкекте беткап кийген белгисиз үч киши милицияга кол салды
Бишкекте кайгуул милициясынын ага лейтенантына кол салуу болгонун Ленин РИИБден кабарлашты.
Ал боюнча 12-мартта Ажибек баатыр көчөсүнөн беткап кийген белгисиз үч киши милиция кызматкерине кол салганы боюнча укук коргоо органдарына билдирүү түшкөн.
Окуя чыккан жерге Ленин РИИБинин ыкчам тобу келген. Алдын ала айтылган маалымат боюнча кол салган кишилер милиционерди дубинка менен чаап, качып кетишкен. Кайгуул милициясынын ага лейтенанты 1982-жылы туулган К.Э. Улуттук госпиталга жеткирилген.
Abal.kg



