Коронавирус. Лукашенко эс-учун жоготту деген маалымат пайда болду

Беларусь президенти Александр Лукашенкодо коронавирус COVID-19дун симптому пайда болгонун белоруссия прессасы жазып атат, деп билдирди Россиянын “Федеральное Агентство Новостей” маалымат каражаты, 13 – мартта.
ММКнын маалыматтарына караганда Беларусь лидери тумоолоп калган, ал түгүл эс-учун да жоготкон.
Мындай каңшаарлар биринчи кезекте Лукашенконун коомчулук менен «Президент менен чоң бааралашуу» («Большой разговор с президентом») деген салттуу жолугушуусун башка убакка жылдырган фактысы менен бышыкталып жатат.
Лукашенконун өкүлү Наталья Эйсмонт бул туурасында өтө кызыктай комментарий берди, бир чети иш-чаранын өтпөй калганын коронавирус эпидемиясына байланыштуу экенин мойнуна алды.
«Маселе жалгыз гана коронавируска байланышкан эмес», деди Беларусь президентинин пресс-катчысы. Андан ары пресс-катчы башка маалымат бербегени элге күмөн жаратууда.
Abal.kg



