КР эмгек сиңирген ырчысы Гүлмайрам Момушева үйү жок жүрөбү?
“Гүлмайрам Момушева тууралуу википедиядагы маалыматты Фейсбукка Олжобек Бек “Искусство, өнөр артка” салып койгон экен. Бул комментарий ошондон улам жаралды”,- деп жазды Жаныш Кулмамбетов Фейсбуктагы баракчасына ырчы айымдын талантына баа берип.
“Алтымышынчы жылдардын аягында кыргыз обонунун теңдешсиз алпы Рыспайдын «Койчунун ырын» «Чо-ойт, эркечим, башатагым!» деп обого жеткизе созолонто созуп, кулагы түшүрүлгөн топу кийген, көздөрү бажырайган, анда жыйырмага чыгып-чыга элек Гүлмайрам Момушева, көгүлтүр экрандын көркүн чыгарып, мүлдө кыргызга керемет тартуулаган талант болчу. Гүлмайрам Момушеванын образы ошол кездеги кыргыз турмушунун, жашоо идиллиясынын символу эле. Биздин балалыгыбыздын эстен кеткис көз ирмемдери да Момушеванын ошол элеси менен байланышкан.
«Койчунун ырынан» кийин Г. Момушеванын «Балама» деген ыры (Эсенбек Мааданбековдун обону) жалпы кыргызга, азыркы тил менен айтканда, хит болгон. Таң эртеден эл жатаарга чейин кыргыз радиосунан Момушеванын кереметтүү үнү менен кубулжуп куюлуп Ала-Тообузга тараган бул ырды созбогон, ырдабаган кыргыз баласы анда болсо да аз болгондур.
Гүлмайрам Момушева мына ушундай жалпы кыргыздын сүймөнчүлүгүнө айланган, өтө популярдуу талант болчу. Өкүнүчтүүсү, кийинки муундун кайталангыс, таптаза мөлтүр булактай болгон кереметтүү назик үнү бар бул талант туурасында кабары жок. Бирок, кыргыздын улуттук музыкасанын, ыр өнөрүнүн тарыхында Гүлмайрам Момушева кыргыз авазынын кайталангыс өкүлдөрүнүн бири катары калат.
СИЗГЕ ТААЗИМ, ГҮЛМАЙРАМ!”- деп сөзүн аяктады Кулмамбетов.
P.S. Кыргыз радиосуна берген маегинде ырчы Гүлмайрам Момушева үйү жок экенин да айтыптыр.
Abal.kg