Дүйнө

Өзбекстанда төрт адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Өзбекстанда төрт адам коронавирус жуктурганын Podrobno.uz. маалымат агенттиги жазып чыкты.

Өзбекстанда биринчи жолу коронавирус жуктурган аялдын эки баласынан да бул вирус чыкты.

Андан тышкары 15-мартта Стамбулдан Өзбекстанга келген аялдан коронавирус табылганын саламаттык  сактоо министрлиги айткан.

Өзбекстанга Париж-Ташкент рейси менен 11-мартта келген жогорку категориядагы врач да өзүн жаман сезип, карантинге жаткырылган.

Бул адам менен ким контактта болсо алардын бардыгы да  медициналык кароодон өтүшкөн.

Учурда Өзбекстанда төрт адам коронавирус жуктуруп алганы маалым болду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button