Дүйнө
Коронавирус: Италияда бир суткада 368 киши каза болду

Италияда коронавирус жуктургандардын 368и бир суткада каза болгонун Жарандык коргоо департаментинин башчысы Анжело Боррели маалымат жыйында айтты. Италияда коронавирустан каза болгондор 1809 кишиге жетти.
Бир суткада эле 2853 кишиге дагы жукканы аныкталып, өлкө боюнча вирус 20,6 миң кишиге жукканы тастыкталды. Ошол эле маалда оорудан сакайгандар 2335 киши.
Коронавирустан улам өлкө бийлиги мектептер менен жогорку окуу жайлардын бардыгын жаап, кинотеатр, музей, спорт жайлары, дискотека, паб сыяктуу жерлер убактылуу жабылды. Өлкөгө келген туристтерге убактылуу тыюу салынды. Бир шаардан экинчи шаарга барууда дагы чектөө киргизилди.
Дарыгерлердин айтымында, каза болгондор жагынан Италия Ктытайдан кийинки эле экинчи мамлекет.
Abal.kg



