Коом
Коронавирус. Онкологиялык дартка чалдыккандар беткап тигишти

«Жашоо үчүн бирге» деп аталган чеберкана беткап тигип сатып жатышат. Бул жерде онкологиялык ооруга чалдыккан аялдар иштешет. Аталган ишкананын маалыматына караганда, аларга Асыл Мамбеталиев аттуу ишкер керектүү кездеме, жабдыктарын сатып берген.
Онкологиялык жактан ооруган бейтаптар тиккен беткап алты кабаттуу. Жууп, кайра колдонууга ылайыктуу. Баасы — 15 сом.
Бул беткаптарды Бишкектеги айрым дүкөндөрдө, дарыканаларда жана Coffee кофеканасында сатылып жатат.
Abal.kg



