Дүйнө

Бүгүн АКШ коронавируска каршы вакцинанын биринчи сыноосун баштайт

Коронавирустан сактай турган вакцинанын клиникалык сыноосунун эксперименталдык дозасын 16-мартта ушул сыноого катыша тургандардын биринчиси алат, муну өкмөттөгү булактар билдирди” деп “Московский Комсомолец” маалымат булагы жазды.

Бул сыноого Сиэтлдеги Kaiser Permanente Washington Health Research Institute илимий-изилдөө институтунун базасында, 45 жаштагы ден соолуктары чың волонтерлор катышышат.  Вакцина АКШнын саламаттык сактоо улуттук институтунда (NIH) жана Moderna Inc компаниясында иштелип чыккан.

Саламаттык сактоо тармагындагы булактардын маалыматарына караганда, мындай вакцинаны толук ишке киргизүү үчүн 12ден 18 айга чейики убакыт керек. Булактын билдиргенине  караганда бул эксперименттин катышуучларына инфекция жугушу мүмкүн эмес. Анткени сыноо үлгүлөрүндө вирус жок. Эксперименттин максаты вакцина олуттуу кошумча эффекттерди бербейби, ошону гана текшерүү.

Азыркы убакта АКШда коронавирустан жабыркагандардын саны 3,5 миңге жетип, 65 киши  каза тапты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button