Коронавирус акча аркылуу да жугат

«Роспотребнадзор, ВОЗдун (Бүткүл дүйнөлүк саламааттык сактоо) аныктамаларына таянып, коронавирус теория жүзүндө акча аркылуу да жугушу толук ыктымал экенин жарыя салды», деп билдирди News.mail.ru.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) “колуңарды самындап жууп тургула, акчаны кармап эсептешкенде бетиңерге колуңарды тийгизбегиле деп катуу суранып атат”, деп билдирди россиялык бул мекеме (Роспотребнадзор).
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) эсептешкенде акчаны пайдаланбагыла деген катуу талапты койгон жок. Бирок теория жүзүндө акча вирусту таратуучу каналдын максатын өтөшү ыктымал. Анткени вирустар кагаздын бетинде (акчада) жана пластикте бир нече мезгилге чейин жашай берет», деп айтылат Роспотребнадзордун билдирүүсүндө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык коронавирус кагаздын бетинде үч-төрт күн, пластикте тогуз күнгө чейин жашай алат. Россиянын Банкы кредиттик мекемелерге берген банкноталар (акчалар) 14 күнгө чейин таза бойдон калышат.
Демек, кредиттик мекемелер таза банкноталарды алышат. Бирок анын баары дароо эле банктарга түшө койбойт.
Карта менен соода кылганда да коопсуздук эрежелерин сактоо керек, айрыкча пин-коддорду тергенде. Эң коопсузу контакты жок төлөмдөр болуп саналат.
Abal.kg