Коом

“Дордойдо” дүңүнөн саткандардын соодасы токтоду. Базар жабылабы?

«Дордой» базарында дүңүнөн саткандардын соодасы токтоду. Бул тууралуу «Дордой» базарынын соодагерлери маалымат берди.

“Кытайда коронавирустун очогу жаңы башталганда эле чек аралар жабылып, соода солгундай баштаган эле. Чек ара жабылганга чейин ал жактан товарларды болушунча дүңүнөн сатып келип алганбыз. Эми былтыркыдан калган товарлардын акыркыларын өз баасында сатып аткан кезибиз. Дордой базарында соода дээрлик токтоп калды. Сатып алуучулардын саны аз. Ал эми эки күндөн бери “Дордой” базары жабылат деген да сөздөр болуп жатат. Кечээ дүңүнөн соода сатык кылгандарга 16-апрелде Казакстан менен чек ара жабылат деп эскертүү берилип, “Дордой” базарында  эл дагы азаят деген маалымат тараган. Айткандай эле бүгүн дүңүнөн товар саткандардын контейнерлери жабылды.  Эми чек ара качан ачылат белгисиз. Биздин Кытайдан алып келген товарлар деле аз калды, эгер алар түгөнсө кайдан алып келебиз белгисиз. Дордой базарында соода өтө эле начар болуп жатат”, — дейт сатуучу Кумар Сатыбалдиев.

“Дордой” базарынын сатуучулары да базар жабылып калса биздин экономикабыз өтө эле артка кетип калат деген тынчсыздануусун билдиришти.

“Себеби, бул базарда он миңдеген адам үй-бүлөсүн багып, иштеп жатышат”,- дейт сатуучулар. 

Учурда дүңүнөн соода жасагандардын иши токтоду, бирок чекене баада сатып жаткандар иштеп эле атышат.

Эскерте кетсек, коронавирустан улам Кыргызстан бир топ  мамлекеттер менен чек арасын жапкан эле. Бул Кыргызстандагы ата-мекендик ишканаларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок калктын саламаттыгы баарынан жогору турушу керек экенин билдирген Кыргыз Өкмөтү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button