Коронавирус. Ооруканада дарыланып аткан аял качып кетти
Коронавирус жуктуруп, ооруканада дарыланып жаткан бейтап аял качып кетти. Бул туурасында оорукананын башкы врачы Денис Проценко өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Окуя Москва шаарында коронавирустун алдын алуу үчүн атайын Коммунарда курулган ооруканада болду.
Анын дене табы көтөрүлүп, ооруканага жаткырылгандан кийин тапшырган анализдеринде коронавирус аныкталган. Жаңыдан дарылана баштаган аял дарыгерлерге билгизбей ооруканадан качып кеткени коомчулукка белгилүү болду.
“Коронавирус боюнча өлкөдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканына карабай, бейтаптар менен медиктердин ортосунда түшүнбөстүк иштери болуп жатат. Коронавирусту алып жүрүүчүлөр башкаларга да таратпоо үчүн бардык эрежелерди сактап, медиктердин айтканын угуу зарыл”,- деп билдирди дарыгер Проценко.
Abal.kg


