Коом

Ош базарында ун 2000 сомдон сатылып жатат, көзөмөлдөөчү органдар каякта?(видео)

Акыркы эки күндөн бери унга болгон баа кескин жогорулатып  кеткендиктен коомчулукта ар кандай тынчсыздануу жаралган эле. Өкмөт башчы  эки күндөн берки  ундун баасын жогорулатып саткандарга чара колдонуп, аларга айыппул салып, жазаланаарын убада берген.

Бүгүн  ундун баасын жогорулаткан айрым адамдарга айыппул салынып, жоопкерчиликке тартылып жатканы боюнча да маалымат тараган. Бирок, учурда Бишкек шаарындагы азык-түлүк сатылуучу базарларда азык-түлүктүн баасы жогорулатылган  баада сатылып жатканы тууралуу редакцияга маалымат келип түштү.

Учурда Ош базарындагы «Бакай» деген ун саткан дүкөндун жанында  бир мүшөк жогорку сорттогу ундун баасы 2000 сомдон, ал эми 1-сорттогу ун 1700-1900 сомдон,  35 сомдук макарондор 45 сомдон, кумшекер 45 сомдон сатылып жатканы кабарланып, видеосун жөнөтүштү.

Бул боюнча бааларды көзөмөлдөгөн Финполдун нөөмөтбөлүмүнө телефон чалып, алардын маалыматын билдик.

“Ош баарында көзөмөлдөөчү атайын пункттарыбыз бар, азыр алар текшерет” деген жоопту алдык. Бирок жыйынтык дале жок.

https://youtu.be/AKotCV0k1mA

https://youtu.be/HMJ0vj_TiV8

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button