Коронавируc. Сактанабыз деген москвалыктар көздөрүнүн каректерин күйгүзүп атышат
Акыркы сутканын ичинде Москвада көздөрүнүн каректерин күйгүзүп алышкан бир нече окуя катталды, деп маалымдады “МКнын” материалдарынын негизинде Rosinfonews.ru. Бул окуялардын баардыгы тең коронавирус менен байланышкан – адамдар имараттын ичиндеги вирустарды өлтүрөбүз деген максат менен кварц лампаларын пайдаланышып, бирок коопсуздук техникасын бузушкан.
«МКга» маалым болгондой, дүйшөмбүгө караган түнү Ямская полянын 3-көчөсүндө эки киши офисти туура эмес кварцташкандыктан көздөрүнүн каректерин күйгүзүп алышкан. Жабырлануучулар 21 жаштагы администратор-аял менен 26 жаштагы эркек киши. Эркек-тана госпитализаця болгон.
Дагы жабырлануучу Исаковский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тургуну экен маалымдалды. 33 жаштагы эркек киши кварц лампасын күйгүзгөн бойдон көпкө чейин калтырып койгон. Натыйжада көзү ооруй баштаган. Аны дагы ооруканага жаткырышты.
Abal.kg



