Дүйнө

Казакстанда эки жаштагы кызга коронавирус жукту

Казакстанда коронавирус жуккандардын бири эки жашар кыз экенин Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.

Анын айтуусу боюнча кыз 2018-жылы туулган. Ал ата-энеси менен Берлин – Минск – Алматы багыты боюнча учуп келген. Кыз учурда балдардын жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды.

Учурда Казакстанда коронавирус 13 кишиге жукканы ырасталды. Бейтаптар Алматы менен Нур-Султан калаасынан аныкталган.

Вирустан улам Казакстанда бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button