Коронавирустун жашыруун таркатуучулары балдар экен. Бакчалар жабылабы?

Адистер COVID-19дун бейтаптары менен тыгыз контакта болгон, же жугуштуу оору менен ооруган үй-бүлөлөрдө жашашкан эки айлык наристеден тартып 15 жашка чейинки 745 баланы анализдешкен. Бар болгону 10 балада (1,3 процент) коронавирус SARS-CoV-2 байкалган, ошол эле учурда бөбөктөрдүн бир да бирөөөндө оорунун оор симптомдору байкалган эмес. Жетөөнүн температурасы 39 градустан жогору көтөрүлбөгөн.
Кээ бир учурларда балдардын тамагы ооруганы, жөтөлгөнү анан мурундары бүткөнү гана байкалат, бирок тумоологон чоң кишилердикиндей болуп булчуңдары менен баштары оорубайт, деп белгилешет окумуштуулар. Көкүрөк клеткаларын рентгенография кылганда бир да балада пневмониянын белгилери байкалган эмес.
Бирок, мурдатан эле, алдын-ала окумуштуулар божомолдогондой, жеңил гана тумоологон ал балдар оорусун башка балдарга кошо жугузушат. Ал түгүл балдардын каңылжаарынан жана тамагынан анализ үчүн алынган мазоктор коронавируска терс результат беришсе дагы, бөбөктөр ооруканадан айыгып чыккандан кийин да 13 күндүн аралыгында алардын заңында бул вирус байкалган.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 6705, жуктургандар 174 786, айыккандары 77 657 киши болду.
Эскертүү! Кытайлык окумуштулардын тыянагына таяна турган болсок, анда тумоонуну жайылтпаш үчүн биринчи кезекте карантинге. бала бакчаларды жабыш керек экен.
Abal.kg